Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

 

Өлкөнүн башка ашууларында дагы кар жаап жатат, бирок дароо тазаланып, унаа кыймылы ачык. Авариялык абалды жаратпаш үчүн айдоочуларга тоолуу аймактарга чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыгуудан баш тартуу сунушталат.