Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн таңдан тартып Талас облусунун
Талды-Булак айылында блок-пост иштеп баштады. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.
Мындай чаралар катуу жааган карга байланыштуу, жолдордо көрүү жана кыймыл татаалдангандыктан көрүлүп жатат.