Советтик жана Кыргызстандын кинорежиссеру, сценарист, актер Болот Шамшиев жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатыы зыйнаты бүгүн Опера жана балет театрында өттү. Болот Шамшиев 1941-жылы туулган.
Ал “Ак кеме”, “Караш-Караш”, “Сүйүү закымдары” жана башка бир катар белгилүү тасмалардын режиссёру жана кыргыз кереметинин көрүнүктүү өкүлү болуп саналат.