Бишкекте ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Жибек-Жолу проспекти 286, дарегинде жайгашкан ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушун улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган комплекстин жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулууда.

 

Мончо 240 орунга ылайыкташкан. Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

Бүгүнкү күндө темир-бетон каркастарын, эки бассейнди орнотуу иштери аяктап, жер төлөдө жана биринчи кабатта кыш кыноо иштери жүрүп жатат.