Стамбул аэропортунда терапевт иттер иштей баштады

Стамбул аэропортунда терапевт иттер иштей баштады. Алардын негизги милдети – учуудан корккон жүргүнчүлөрдү тынчтандыруу.

 

Пилоттук долбоорго атайын үйрөтүлгөн беш ит катышты. Учурда дагы бир нече күчүк машыгуудан өтүүдө.

 

Терапевт жаныбарларды дүйнөнүн башка аэропортторунан кезиктирсе болот. Маселен, АКШ менен Канаданын аба майдандарында иттер гана эмес, пони да учуунун алдында стрессти жеңүүгө жардам берет.