Стокгольм йоганын дүйнөлүк “борбору” деп аталды

Стокгольм йоганын дүйнөлүк “борбору” деп аталды. Улуу британиялык сайттардын биринде ден-соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр үчүн мыкты шаарлардын рейтинги жарыяланды.

 

Изилдөөлөргө ылайык, биринчи орунда турган Швециянын ордо калаасында йога, пилатес менен машыккан студиялар эң көп жайгашкан. Алардын саны 100дөн ашат. Рейтингди түзүүдө эксперттер  физикалык жактан дагы, жан дүйнөнү дагы эс алдыра турган мыкты жайлардын санын жана сапатын эске алышты.