Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
«Кыргызавтожол» ишканасынан билдиришкендей, мындай чечим тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин кабыл алынды.
Кошумчаласак, Бишкек – Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.
Айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүү сунушталат.