Ошто 300 мегаваттык күн станциясы курулат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга эки жума мурун Ошто өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумунда жетишилди.
Ал кошумчалагандай, жакын арада электр эсептегичтер менен трансформаторлорду өндүрүү боюнча ишкана да ачылат.