Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Кыргызстандын 100дөн ашык жаранынан турган биринчи эвакуациялык топ Киев шаарынан Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти.

 

Элчиликтин кызматкерлери жарандарды бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт. Андан тышкары, дагы 150дөй жаран кезек күтүп жатат. Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Венгрия, Польша, Румыния жана Словакия аркылуу чыгарылат.