Америкалык дизайнер жылкыларга арналган кроссовкилердин брендин тартуулады

Америкалык дизайнер жылкыларга арналган кроссовкилердин брендин тартуулады. “Нью-Йорк пост” жазгандай, жаңы “аттын такалары” асыл тукум жылкылардын чабышында сыноодон өтөт.

 

Турнир Кентуккиде 4-5-ноябрда болот. Бренд ат ээлеринен жеке буйрутма менен бут кийим даярдайт. Ар биринин баасы 1 миң 200 долларга теңелет, ошондо бир жылкынын 4 туягына кроссовки алуу ээлерине 4 миң 800 долларга айланат.