“Түндүк” системасында мартта кыймылсыз мүлктү кайра каттоо кызматы пайда болот

“Түндүк” системасында мартта кыймылсыз мүлктү кайра каттоо кызматы пайда болот. Бул тууралуу президент администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.

 

Анын айтымында, бардык техникалык суроолор чечилди, учурда укуктук-нормативдик маселелерди жөнгө салуу иштери жүрүүдө. Буржуев белгилегендей, кызмат ишке киргенде батирлерди онлайн форматта кайра каттоо мүмкүн болот.

 

Анын жардамы менен каттоо учурунда жарандар Мамлекеттик каттоо кызматына, калкты тейлөө борборлоруна, салык жана кадастр органдарына барбай эле койсо болот. Бирок жер тилкелери, жер тамдар тизмеге азырынча кирбейт.