Бишкек – Кара-Балта унаа жолун куруунун экинчи этабы башталды

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун куруунун экинчи этабы башталды.

Кеп, Киркомстром аймагынан Бишкекке кире бариштеги унаа базарына

чейинки бөлүк тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге унаа жана

жолдор министрлигинин адиси Тагай Алимбаев билдирди. Анын айтымында,

оңдоло турчу жолдун узундугу 7,5 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашырууга

18 миллион доллар жумшалат. Сумма Азия өнүктүрүү банкы аркылуу берилет.

Иштерди 2022-жылдын ноябрында бүтүрүү пландалууда.