Таш-Көмүрдө “Кардарларды тейлөө борбору” ачылды

Таш-Көмүрдө “Кардарларды тейлөө борбору” ачылды.

Novosti.kgге «Жалалабатэлектр» ишканасынан билдиршкендей, эми абоненттер бардык маселени бир жерден чече алышат.

Борбордо оператор, инженер, кассир, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис иш алып барат.

Белгилеп кетсек, Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасы Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларын, Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн абоненттерин электр энергиясы менен камсыз кылат. Жалпысынан 17 миң 12 абонент бар.