Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын жарыялады.
Промо-роликти Оюндардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан көрүүгө болот.
Видеодо спорттун үзүндүлөрү, ошондой эле көчмөн элдердин өзгөчөлүктөрү камтылган.
Мындан тышкары, маданий жана спорттук иш-чаралар өтө турган аймак көрсөтүлөт.
Эске салсак, быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Стамбулдан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан Изник шаарында өтөт.
Ага 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышары күтүлүүдө.
Мелдештин 37 түрү боюнча Кыргызстандын атынан 400 спортчу катышат.