ЕАЭБ жыйынында Кыргызстан биримдиктеги тоскоолдуктарды атады

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Кеңири форматтагы жыйындын башында сүйлөгөн Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров биримдикте товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын жана аны чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.