ЮНИСЕФ Баткендеги балдарга жардам көрсөтүү үчүн 12 млн сом бөлдү

Бириккен улуттар уюмунун балдар агенттиги Баткен облусундагы бөбөктөргө жардам көрсөтүү үчүн 12 миллион сом бөлдү.

Уюмдун маалыматына караганда, кичинекей баткендиктерге дээрлик 1 миң 500 гигиеналык комплект тапшырылды.

Ошондой эле мектептерге жана бала бакчаларга таратуу үчүн Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнө бардык окуу материалдары менен 80 окуу комплекти берилди.

Жалпысынан 4 миңден ашуун балага көмөк көрсөтүлөт.