Түркия менен Сириядагы зилзаладан каза болгондордун саны 50 миңден ашты

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 50 миңден ашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигине (AFAD) таянып жазды. Соңку маалыматка ылайык, 6-февралдагы жер титирөөдөн каза тапкандар Түркияда 44 218 адам, Сирияда 5914 адамга жетти.

Түркияда талкаланган 160 миң имаратты калыбына келтирүү иштери башталды. Бул имараттарда 520 миң батир болгон. Расмий маалыматтарга ылайык, башкалкасыз калгандарга 313 миң чатыр тигилген. Дагы 100 миң контейнер үйлөрдү орнотуу пландалууда.

Түркияда ички иштер министри Сулейман Сойлунун маалымдашынча, имараттарды курууда коопсуздук талаптарын сактабаган курулуш компанияларга карата иликтөө иштери кеңейүүдө. Анын айтымында, жалпы 564 адам шек саналып, анын 160ы камакка алынды.

6-февралда Түркия менен Сирияда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, миңдеген киши жараат алып, миллиондон ашыгы үй-жайсыз калды. 11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) зилзаладан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирген. БУУнун саламаттык сактоо мекемеси кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырган. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирген.

20-февралдын кечинде да Түркия менен Сириянын чек ара аймагында кайрадан эки жолу жер титиреди. Алты киши набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.