Кыргызстанда дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды

 

Кыргызстанда дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

 

Анын айтымында, Бишкекте 12, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 18, Ош шаарында 6, Нарын облусунда 2 учур катталды. Алардын 22си аял, 19у эркек киши. Жаңы учурлардын арасында 12 медицина кызматкери бар.

 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 339га жетти.