Түркиядагы кыргызстандыктарга шайлоо тилкелерине барууга уруксаат берилди

Түркиядагы кыргызстандыктарга шайлоо тилкелерине барууга уруксаат берилди.

Бул тууралуу биздин өлкөнүн Анкарадагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда,

элчилик жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе алышат.

Учурда расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык каттоого алынды. Эске салсак,

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу чектөөлөр кайрадан күчөтүлгөн.

Кечки саат 9дан таңкы 5ке чейин жарандар үйүнөн уруксаат жок чыга алышпайт.