Түркиянын Анталия шаарынын Манавгат районундагы токойдо чыккан жалындан
600 гектар жер өрттөндү. Аймактык администрациядан билдиришкендей, токойдун
ичиндеги жаныбарлар жабыр тартып, 4 квартал тургундары эвакуацияланды.
Саламаттыктты сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, өрттөн
62 адам жарат алды, алар ооруканаларга жеткирилди. Жабыркагандардын
арасында кыргызстандыктар бар-жогу тактала элек. Кошумчаласак,
Манавгат аймагы Анталиядан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.