Доллар менен насыя алган жарандарга өкмөт жардам берет

Доллар менен насыя алган жарандарга өкмөт жардам берет.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бул боюнча Улуттук банк менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө соода жүгүртүүчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн алган кредиттерин толугу менен конвертациялоо маселесин карап жатабыз.

Азыр доллардын курсун белгилеп 85-90 сом менен конвертация кылабыз да, калган акчасын бюджеттен толуктап беребиз, — деди министр.

Бирок мындай көмөк ата мекендик өндүрүш менен алектенген ишкерлерге гана тиешелүү болот.