Кыргызстанда абийирдүү ишкерлердин реестри түзүлүүдө

Кыргызстанда абийирдүү ишкерлердин реестри түзүлүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Тизмеге ишкерлерди атайын түзүлгөн ведомство аралык комиссия киргизет.   Арыздар каалоочулардан кабыл алынууда.   Реестрге кирген ишкер айрым артыкчыларга ээ болот, алсак – салык, бажы кызматтарын кезексиз алат, эл аралык форумдарга акысыз катышат, 3 жылга… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, президенттин жарлыгына ылайык, аттестат тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы гана билим берүү органдарынын, ата-энелердин катышуусу менен өтүшү керек.   Андан кийин кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда отуруштарды уюштурууга тыюу салынат.   Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы 5 миң сомдук банкнота жүгүртүүгө чыгарылды

Кыргызстанда жаңы 5 миң сомдук банкнота жүгүртүүгө чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, купюранын суу белгиси жана коргоо тилкеси өзгөрдү.   Ал эми алдыңкы бетинде актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде “Ала-Тоо” кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды.

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

  Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   Учурда жолго топурак салуу иштери жүрүп жатат. Унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап-этабы менен тосулат. Бүгүн, 6-майда көчөнүн түштүк тарабы жабык, андан кийин жолдун түндүк бөлүгүн… Кененирээк…

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.   Долбоор ишке ашкандан кийин 4 миң 800 жумушчу… Кененирээк…

Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат

Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат. Мэрия билдиргендей, көчөлөрдөгү абал тууралуу маалыматтарды топтоп, көйгөйдү тез арада жоюу максатында ыкчам байланыш каналы уюштурулду.   Ал аркылуу жашоочулар жолдордун абалы тууралуу сүрөт жана видеолорду жөнөтө алышат. Андан соң тиешелүү департамент жолдун талкаланган жерин… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде “акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат

Кыргызстан мектептеринде “акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу линейка эртең мененки саат 9да башталат.   Ведомстводон белгилешкендей, мектеп жетекчилигине жана мугалимдерге иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынат.

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча абалга түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча абалга түшүндүрмө берди.   Эске салсак, кечээ, 23-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда вице-мэр Мирлан Байкончоков ордо калаада автобустар өзүн акташы үчүн жол кирени 25 сомго көтөрүү керектигин билдирген.   Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, бул жаңы транспорттун өзүн өзү акташы боюнча… Кененирээк…

Үч округ боюнча парламент депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси түзүлдү

Үч округ боюнча парламент депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси түзүлдү. Боршайкомдун маалыматы боюнча, ага жалпысынан                    340 миң адам кирди.   Добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү менен тизмелер эртең бардык шайлоо тилкелеринде илинет. Эске салсак, Баткен, Кара-Суу жана Ош округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-апрелде өтөт.

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.  Ведомствонун маалыматына ылайык, токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.   Ал үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке… Кененирээк…