Тамирлан Козубаев карьерасын Индонезиянын Жогорку Лигасында улантат
Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу Тамирлан Козубаев карьерасын Индонезиянын Жогорку Лигасында улантат. Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, Козубаев «Персита Тангеранг» клубу менен 1 жылга келишим түздү. Буга чейин ал «Дордой» жана «Алга» клубдарында ойноп келген Футболчу Кыргыз улуттук курама командасы менен Азия Кубогунда 4 оюнга катышкан.