Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Ага ылайык, станция Нарын дарыясынын жанындагы Куланак айылында жайгашат. Жаңы курула турган ГЭС Ат-Башы суу электр станциясынан 2,5 эсе кубаттуу болоору күтүлүүдө. Учурда бул жерде геологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Курулуш иштери кийинки жылдын жазында… Кененирээк…

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, республиканын улуттук борборлорунда, облустук жана аймактык бейтапканаларда узак мөөнөткө госпитализацияга муктаж болбогондорго түзүлдү. Учурда аймактык бейтапканаларда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдар үчүн 720… Кененирээк…

Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес

Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды деп 24 агенттиги билдирет. Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылындагы мектептердин жылуулук берүү тармактары жараксыз. Мындай бүтүмдү Мамлекеттик экотехинспекциясы чыгарды. Андыктан окуучулар кыш мезгилин жылуулуксуз өткөрүп калышы ыктымал. Белгилеп кетсек, бир мектепте 500,… Кененирээк…

Кийинки жылы аймактарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү

Кийинки жылы аймактарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ага ылайык, жаңы өндүрүштөрдү курууга, жумуш орундарын түзүүгө, ирригацияны өнүктүрүүгө жана калкты таза суу менен камысыз кылууга басым жасалат. Андан сырткары, өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлор жана аялдардын ишкердиги унутта… Кененирээк…

“Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү оңдоп-түзөөгө жабылат

“Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү оңдоп-түзөөгө жабылат. Бул тууралуу анын начальниги Бакытбек Шамурзаев билдирди. Анын айтымында, кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында эки чийиндүү жолду, 4 чийинге чейин кеңейтүү пландалууда.   Андан тышкары, кабиналардын саны көбөйтүлөт. Казакстанга өтүү үчүн “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң”, “Чалдыбар” жана “Токмок” түйүндөрү… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алышат

Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алышат. Өкмөт сунуштаган токтом долбоорго ылайык, дем алыш күндөрүн туура бөлүштүрүү максатында 1-январдан 7-январга чейин эс алуу жарыялоо сунушталды.   Ал эми майдын биринен бешине чейин кыргызстандыктар жумушка чыгышпайт. Документ ведомстволордун макулдашуусуна жөнөтүлдү.

“Коопсуз шаар” камералары турган тилкелерде жол инспекторлору турууга укугу жок

“Коопсуз шаар” камералары турган тилкелерде жол инспекторлору турууга укугу жок. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов жарыялады.   Бирок, ал белгилегендей, эрежеге каршы чыккан учурлар болот. Алсак, эгер кызматкер камера каттабай турган бузууларды аныктаса, протокол түзө алат. Мындай… Кененирээк…

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча долбоорлорду каржылоого 398 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 121 долбоор толук түрдө ишке ашты.

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кышкы каникул 30-декабрдан 10-январга чейин созулат. Белгилеп кетсек, 11-12-январь эс алуу күндөрү болгондуктан, окуучулар 13-январда мектепке кайтышат.

Бишкекте аба-ырайынын кескин түрдө төмөндөшү күтүлүүдө

Бишкекте аба-ырайынын кескин түрдө төмөндөшү күтүлүүдө. Синоптиктердин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн жана эртен күндүзү 16 градуска чейин жылуу болуп, тункүсүн 0дөн 5ке чейин көтөрүлөт. Ал эми жума күнү асманды булут каптап, түнкүсүн карга өткөн жаан жаайт. Аба табы 5 градустан жогорулабайт.