Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар бүгүн реанимациядан стационарга которулат

Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар бүгүн реанимациядан стационарга которулат. Маалыматты Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты. Ага ылайык, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көнүл айтып жана төрт кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүнү жана жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды. Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык… Кененирээк…

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда 200гө жакын сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу кабыл алынды

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда 200гө жакын сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатканда айтты. Президентке берилген маалымат боюнча, акыркы 2 жылда Тартип комиссиясы 190 сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл… Кененирээк…

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, милиция башчысы кабылган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, иликтенип жатат. Эске салсак, 7-декабрда Ысык-Ата районунда жеңил машине айдап бараткан Чойбеков жүк ташуучу унаа менен бетме-бет абалда кагышкан.… Кененирээк…

Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар

Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын айтымында, аудиофиксация Бишкектин жана Чүй облусунун биринчи инстанциядагы сотторунда орнотулду. Жалпысынан 80 залда аудио жана видеофиксация бар жана аларды орнотуу уланууда. Ал эми региондордо мындай көрүнүш жок», — деди… Кененирээк…

Гүлчөдө токко урунган аскер кызматкери каза болду

Гүлчөдө токко урунган аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирет. Белгилей кетсек, 4-декабрда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер – радио телефонист, ефрейтор радиостанциянын антеннасы аркылуу токко урунган. Жабыркаган аскер Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө болчу

Мамлекеттик ипотека компаниясы үй-бүлөлүү адамдарга жаңы программа иштеп чыкты

Мамлекеттик ипотека компаниясы үй-бүлөлүү адамдарга жаңы программа иштеп чыкты. Бул тууралуу  аталган компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова билдирет. Бул программанын алкагында жарандар өз ыңгайына жараша үч башка кызматты колдоно алышат. Алар, үй сатып алууну каалагандарга «Кут конуш»,  үй сатып алып, капиталдык ремонтун өзү кылгысы келгендерге «Бек… Кененирээк…

Россияда кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Россияда кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Маалыматты Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты. Ага ылайык, Казакстан менен чектеш Соль-Илецк шаарынын аймагындагы Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн Mercedes менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышты. Төрт кыргызстандык көз жумуп, дагы үчөө ооруканага жеткирилди. Учурда кыргыз диаспорасы жабыркагандардын… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында  1 миллиард 900 миллион евро гранд берилет

Жалал-Абад облусунун экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында  1 миллиард 900 миллион евро гранд берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарыяланган сынакта айыл чарба, туризм жана к айра иштетүү тармагындагы 8 долбоор жактырылды. Ал чет элдик донорлор тарабынан каржыланат. Белгилеп… Кененирээк…

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, курулуштун басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча курууга багытталган. Андан тышкары 9 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу, 3 турак жай башка объекттер бар. Жыл аягына чейин дагы 6 объекттин пайдаланууга… Кененирээк…

Ысык-Көл районунун 30 мектебинде электрондук журнал программасы ишке кирди

Ысык-Көл районунун 30 мектебинде электрондук журнал программасы ишке кирди. Бул тууралуу аким Данир Иманалиев билдирет. Анын айтымында, колдонмо менен иш алып баруу боюнча мугалимдерге окуулар уюштурулган. Бул программа уюлдук телефонго андроиджана iOS платформалары аркылуу көчүрүп алып, ар бир ата-эне баласынын кандай окуп жатканын текшерип турса… Кененирээк…