Москва Мамлекеттик университетинин бөлүмү Ошто ушул жылы ачылат

Москва Мамлекеттик университетинин бөлүмү Ошто ушул жылы ачылат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничий билдирди. Анын айтымында, алгачкы этапта филиарда 3 факультет ачуу пландалууда – математикалык, геологиялык жана орус филологиясы боюнча.   Аларга 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландаоып жатат. Кийинчирээк студенттердин… Кененирээк…

Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти

Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти. Кыргызстандын командасы 28 окуучудан түзүлдү. Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында математика, информатика жана физика сабактары боюнча өттү. Аталган олимпиадага 20 өлкөдөн 500дөн ашык окуучу катышты. Бул олимпиада 2005-жылдан тартып 15 өлкө арасында өтүп келет.

Нарын шаарынын мектептеринде окуучулардын кышкы эс алуусу дагы 1 жумага узартылды

Нарын шаарынын мектептеринде окуучулардын кышкы эс алуусу дагы 1 жумага узартылды. Ал 1-класстын окуучуларына тиешелүү. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Маматовдун айтымында, узартылган эс алуу кышкы суукка байланыштуу. Ал эми башка класстын окуучулары бүгүнтөн тарта мектепке кайтышты. Маматов белгилегендей, мындай эс алуу аталган… Кененирээк…

Бүгүн өлкөдө окуучулар 2-чейректи жыйынтыкташат

Бүгүн өлкөдө окуучулар 2-чейректи жыйынтыкташат. Дүйшөмбүдөн тарта жалпы билим берүү мекемелеринде кышкы каникул старт алат. Ал 12 күнгө созулмакчы. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулар шарттуу түрдө 10 январга чейин эс алышат. Бирок 11 жана 12-январь ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен, үчүнчү чейрек 13-январда башталат.

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук 2-этабы старт алды

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук 2-этабы старт алды. Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Облуска караштуу Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй-Токмок жана Кемин райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары метод кабинеттин башчылары менен биргеликте иш алып барууда. Олимпиадага жалпысынан облус… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунундагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы мектеп 1 миллион 240 миң сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу айыл аймактык башчы Адилет Дүйшенбиев билдирди. Анын айтымында, курулуш иштердин каражаты дем берүүчү гранттын эсебинен бөлүндү. Учурда иштердин 90 пайызы аяктап калды. Ошондой эле билим берүү мекемесинин алдына 900… Кененирээк…

Бишкекте 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат

Бишкекте 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат. Бул тууралуу Турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Алардын бири Орок айыл аймагындагы мектепте балдар 4 нөөмөттө окуп жатат, андай көрүнүш көпчүлүк мектепте бар. Учурда ички миграцияга байланыштуу Бишкекте жана… Кененирээк…

Мектептеги окуучулардын ар биринин ысык тамагына 10 сомдон бөлүнөт

  Мектептеги окуучулардын ар биринин ысык тамагына 10 сомдон бөлүнөт. Билим берүү министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева билдиргендей, ушул айда мектептерге ысык тамак берүү боюнча жаңы меню иштелип чыкты. Анда тамактарда канча грамм белок, витаминдер болушу керектиги каралды. Талапка ылайык, мектептеги ашпозчулар окутулуп сертификаттарды алышты.… Кененирээк…

Китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50 пайыз жеңилдик алат

Китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50 пайыз жеңилдик алат. Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеңилдик ала алышат. Алар буга чейин тандалган… Кененирээк…

Республикалык олимпиаданын 2-туру жаңы шарт менен өтөт

Республикалык олимпиаданын 2-туру жаңы шарт менен өтөт. Анын өзгөчөлүгү тапшырмаларды мурдагыдай райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү эмес, көз карандысыз эксперттер берет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тапшырмалар сынак үчүн жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине бир мезгилде жөнөтүлөт. Ар бир тур жыйынтыкталгандан кийин калыстар үчүн баалоо критерийлеринин… Кененирээк…