Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук 2-этабы старт алды.
Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Облуска караштуу Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата,
Чүй-Токмок жана Кемин райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары
метод кабинеттин башчылары менен биргеликте иш алып барууда.
Олимпиадага жалпысынан облус боюнча 4 миң 411 окуучу катышып жатат.