Ден-соолукту бекем кармоо үчүн күнүнө канча басыш керектиги айтылды

Ден-соолукту бекем кармоо үчүн күнүнө канча басыш керектиги айтылды. Диетолог жана эндокринолог Альбина Комиссарованын айтымында, күнүнө эң аз дегенде 4 миң кадам басуу керек. Муну менен жүрөк оорусун алдын алып, өмүрдү узартууга шарт түзсө болот. Ошондой эле күнүнө сөзсүз 10 миң кадам басуу зарыл эмес.… Кененирээк…

Чаптама кирпик көздүн айланасындагы ар кандай ооруларды козгоп, аллергияны пайда кылат

Дарыгерлер чаптама кирпик көздүн айланасындагы ар кандай ооруларды козгоп, аллергияны пайда кыларын эскертишет. Россиялык офтальмолог Татьяна Шилова түшүндүргөндөй, көздүн чел кабыгы жабыркаганда инфекция бат кирет. Ошондой эле кератит же сезгенүү пайда болушу ыктымал. Анын ортосунда адис белгилегендей, жасалма кирпиктин бардык түрү зыян. Көздөн тышкары кирпиктин… Кененирээк…

Аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы айтылды

Аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы айтылды. Адистердин айтымында, апрель-майда гүлдөгөн бак-дарактардын чаңына аллергиясы барларга дары-дармек, спрей жардам берет. Андан тышкары, терс реакциясы бар адамдар кийимин алмаштырып, үйгө барганда дароо жуунушу керек. Ошондой эле бөлмөнү нымдуу чүпүрөк менен аарчып, аба нымдоочу жабдууларды орнотуу сунушталат. Аллергологдор белгилешкендей,… Кененирээк…

Дарыканаларда арыктоо үчүн сатылып жаткан чайлар салмак таштоого жардам бербейт

Дарыканаларда арыктоо үчүн сатылып жаткан чайлар салмак таштоого жардам бербейт. Россиялык диетологдордун айтымында, алардын курамында диуретикалык эффект бар. Башкача айтканда, денедеги суюктукту бөлүп чыгарат. Бирок майды эмес. Диуретикаларды ашыкча пайдалануу жүрөк ооруларына алып келет. Андан тышкары, денедеги нымдуулуктун төмөндөшү ден-соолукка терс таасирин тийгизет, — деп… Кененирээк…

Адистер кенеден сактануу жолдорун айтып беришти

Адистер кенеден сактануу жолдорун айтып беришти. РИА Новости жарыялаган коопсуздук чараларына ылайык, кенеден сактаныш үчүн жазында жаратылышка чыкканда ачык түстөгү кийим кийип, денени жабуу керек. Андан тышкары, багелекти байпакка киргизип алуу зарыл. Мүмкүн болсо кенеге каршы чыгарылган аэрозоль ала жүргөн пайдалуу. Кене чагып алган жерге… Кененирээк…

Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти

Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти. Эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек. Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл. Шам-шум эте калганда… Кененирээк…

Кыргызстанда январда Кавасаки синдрому менен көп бала ооруду

Январь айында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Кавасаки синдрому менен абдан көп бала түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.   «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооруган балдардын 0,5-2,5 пайызында Кавасаки синдрому өрчүп кетет. Биздин өлкөдө мындай… Кененирээк…

Адамдын жүрөк оорусунун алдын алуучу азык аталды

Адамдын жүрөк оорусунун алдын алуучу азык аталды. Америкалык дарыгер-диетологдор билдиришкендей, ал кадимки эле анар. Ал күчтүү антиоксидантка ээ болгондуктан жаман холестериндин деңгээлин азайтып, кан басымды ылдыйлатат. Анар ошондой эле клетчаткага бай азык болгондуктан, тамак сиңирүүнү да жакшыртат. Дарыгерлер эскертишкендей, клетчатка анардын ширесинде эмес, мөмөсүндө гана… Кененирээк…

Үчүнчү жума катары менен дүйнөдө Covid-19 жаңыдан чалдыккандардын саны азаюуда

Үчүнчү жума катары менен дүйнөдө Covid-19 жаңыдан чалдыккандардын саны азаюуда. Бул үмүттөндүргөн жаңылык, — деп билдирет Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Гебрейесус. Бул вирустун түрдүү штаммдары чыкса дагы ооруну көзөмөлдөсө болорун билдирет. Ал кошумчалагандай, мындан ары да коопсуздук чараларын сактоо маанилүү болушу зарыл.

Диетологдор сүйүктүү тамак-аштардан диета учурунда дагы баш тартпоо керектигин белгилешет

Диетологдор сүйүктүү тамак-аштардан диета учурунда дагы баш тартпоо керектигин белгилешет. Эксперттердин айтымында, арыктоону каалагандар алгач адаттагыдан азыраак жегенге көнүшү керек. Бирок ошол эле учурда сүйүктүү азыктардан баш тартуу организмдин психологиялык абалына терс таасирин тийгизет. Ал эми калыбынан козголгон нерв – салмак кошууга түз алып барат