Таластагы «Чоң-Капка» бекети убактылуу жабылат

Таластагы «Чоң-Капка» бекети убактылуу жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы аталган өткөрмө жайы техникалык иштерге байланыштуу бүгүн күндүзгү саат 4төн кечки 7ге чейин жабык болот.

 

Жүргүнчүлөр жана айдоочулар сапарды алдын ала пландап алуусу зарыл.