Бишкекте бүгүнтөн тарта №216 автобус каттам ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат.
Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт. Мындай чара борбордун коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүүнүн алкагында ишке ашууда.