Бишкектин айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн

Бишкектин айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, кеп, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган жабдуу орнотпогон фирмалар тууралуу болуп жатат.

 

Мындай компаниялар ишин кайра бузууларды жойгондон кийин гана уланта алат.

 

Муниципалитеттен такташкандай, бардык курулуш аянттары өрт коопсуздугу системасы, дөңгөлөктөрдү жууганга эстакада менен камсыздалып, объекттин кире беришине шагыл төгүлүшү керек.