Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт.
Адистердин божомолунда өлкө боюнча жаан жаап, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Эртең кечинде жана түнкүсүн Нарында кар жаашы мүмкүн.
Мындай аба ырайы кеминде 20-октябрга чейин уланат.
Туруксуз аба ырайы коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат.