Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды алып келүү уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Сауд Арабиясынан 121 мекендеш жеткирилди. Алар үчүн Даммам-Бишкек чартердик каттамы уюштурулду.
Келгендердин көбү студенттер. Алардан анализ алынып, зарыл болсо, обсервацияга жаткырылат, — дешти ведомстводон.