Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, силкинүү бүгүн, 4-августта саат 9:28де болду.
Жер титирөө Талас районунун А.Огомбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.