Индия тургуну 16 миң долларды лотереядан утуп алып, кийин буга өкүнүп калды

Индия тургуну 16 миң долларды лотереядан утуп алып, кийин буга өкүнүп калды. Эркектин айтымында, байлык ага көптөгөн күтүлбөгөн маселелерди алып келди, алсак, прессанын назары ага кереги жок болчу.

 

Андан тышкары, акчага муктаж адамдар анын үйүнө келип баштаган. Аягында тургун сыртка чыга да албай калган. Жыйынтыгында, жергиликтүү бийлик эркекти башка штатка көчүрүүгө жардам берип, ага акчаны туура багыттоо боюнча кыскача сабак өтө турган болду.