Быйыл Жаңы жылдык салют атылбайт.
Ошондой эле жасалгалоо үчүн жаңы оюнчуктар сатылып алынбайт.
Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, үнөмдөлгөн каражат аз камсыздалган, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана
мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белек алууга багытталат. Белгилеп кетсек,
буга чейин Жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 10 миллион сомдон ашык сумма сарпталчу.