Ошто мектептердин жанындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнө окуучулардын сөлөкөтү орнотулуп жатат

Ошто мектептердин жанындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнө окуучулардын сөлөкөтү орнотулуп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул балдардын катышуусу менен жол кырсыктарын алдын алуу максатында жасалууда.

 

Сөлөкөттөр мектеп балансына өткөрүлүп берилди, алар белгилүү бир убакытта аларды чыгарып турат.

 

Эгер бул жумушчу долбоор натыйжалуулугун көрсөтсө, анда мындай манекендер өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот. Кошумчаласак, 15-октябрга чейин Ошто “Салам, мектеп!” рейди жүрүп, окуучуларга жол эрежелери эске салынат.