Театр жана кино актеру Марат Жантелиев каза болду

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров тастыктады:

 

“Жаңы эле угузушту. Байкеси телефон чалды. Оор болуп, реанимацияда жаткан. Бөйрөк талмасы абдан катуу кармап, дарыгерлер алы жетпей калыптыр. Бишкектин “Учкун” кичи районунда турчу. Жакын деп Ново-Покровкадагы ооруканага алып бара калышкан экен”.

 

Марат Жантелиев 1961-жылы Нарын облусунда туулган. 1978-жылы Орусиянын Мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) өтүп, бул окуу жайды 1982-жылы аяктаган.

 

Алгачкы чоң ролун Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасында жараткан.

Актер Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенчү.

2017-жылы “Саякбай” тасмасында айтылуу Саякбай манасчынын образын жараткан.