Ошто катуу жаан-чачындан улам 15 үйдүн короосун суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кара-Суу районунда кечээ нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен арыктардан суу ташып, Фурхат айылынын турак-жайлары жабыркады.
Куткаруучулар сууну сордуруп, тазалоо жумуштарын жүргүзүштү. Учурда жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.