«Кумтөр» ишине байланыштуу айыпталган Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакка алынды.
Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандады. УКМК Сариевди «Кумтөр к
ениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген шек менен кармаган.
Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны
жетектеген. Темир Сариев 2015-жылдын майынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон.