Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянмага беттешке барбай калды

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянмага беттешке барбай калды. Эске салсак, 30-мартта Мандалай шаарында командалар 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында жолугушмак.

 

Бирок Мьянмадагы саясий жана эпидемиологиялык абал туруктуу болбой жаткандыктан, оюн башка күнгө жылдырылды. Күтүлгөндөй, эми беттеш ушул жылдын июнь айында өтөт.