Дүйнөлүк банк линиясы менен берилген Тез жардам унаасы Ысык-Көлгө баратып бузулуп калды

Дүйнөлүк банк линиясы менен берилген Тез жардам унаасы Ысык-Көлгө баратып бузулуп калды. Интернетте жолдун боюнда бузулуп турган машиненин, аны оңдоп жаткан айдоочунун сүрөт-видеолору тарады.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, атайын техника облустарга бөлүштүрүү схемасы менен Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн.

 

Бирок ал Боом капчыгайында бузулуп калды. Жеткирүүчү компания адистерди камсыздады. Анткени, Тез жардам унаасы кепилдик тейлөөгө тиешелүү. Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги жакында эле 765 миң долларга 13 Тез жардам унаасын сатып алды.