Ноокен районунун Аримжан айылында муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү 25 үй курулду. Турак-жайларды пайдаланууга берүү салтанаттуу иш-чарасы кечээ, 5-июнда өттү.
Шаарчада аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, Фельдшердик-акушердик пункт, мечит, дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулган.