Бүгүн, 9-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун агып келгени дагы, агып чыкканы дагы бирдей болууда. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Бүгүн, 9-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 569 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 161 метр куб, агып чыгышы 161 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.