Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азаюуда. “Электр станциялардын” маалыматына ылайык, учурга карата өлкөнүн башкы резервуарында 8 миллиард 339 миллион кубометр суу бар.

 

Бул эң аз көрсөткүч болуп эсептелет. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу, бул 1 миллиард 558 миллион кубометрге аз. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда быйыл суунун аз келүүсү катталып, өлкө энерго кризиске кабылды. Андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.