Токтогулдагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрден ашты

Бүгүн, 17-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 27 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 358 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 246 куб метрди түзүүдө.

 

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.