Мамлекеттик ипотекалык компания айры ипотекалык кредиттерди берүүнү токтотту. Кеп “Жеңилдетилген ипотека” жана “Жеткиликтүү ипотека” программаларынын алкагындагы ссудалар тууралуу болуп жатат.
Анткени уюм каражатты толугу менен турак-жайдын курулушуна багыттоодо. Анын аякташы менен, батирлердин бир чарчы метри 550 доллардан сатылат.
Анын ортосунда, Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймактарда жашаган жарандарга “Турак-жайды каржылоо” программасы менен ипотека берүү уланууда. Бул долбоорду Германиянын өнүктүрүү банкы каржылап келет.