Милиция уруксатсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен өткөрүүгө чакырды

Талас облусунда милиция 16-18-августта «Арсенал» деп аталган рейд өткөрүп, уруксаты жок 14 ок атуучу курал алынды.

Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милиция 600дөй жарандын курал сактоо шарттары текшерип, 36 протокол түзүлүп, 60 миң сом айып пул салынды.

Жети куралдын каттоо мөөнөтү бузулгандыгына байланыштуу уруксат кагазы жокко чыгарылды.

Милиция жарандарды уруксатсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен өткөрүүгө чакырды.