«Коопсуз шаар» долбоорун алкагында Чүйдө 30 айдоочунун унаасы тартып алынды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан такташкандай, алар айып пулдарды төлөгөн эмес.
Бир жума аралыгында облус аймагында 4 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды.
Анын ичинен мас абалында унаа башкаруу, унааны белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо боюнча бузуулар басымдуу.
Милиция айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.