Чүйдөгү өрттөн 223 бука жана 30 миң түк чөп күйүп кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное айылында кечээ, 17-июлда сарайдан өрт чыкты.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ферманын жалпы аянты болжол менен эки миң чарчы метрди түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө жети бөлүм, үч суу ташуучу унаа, өрт өчүрүү штабы жана ыкчам топ тартылган.

“Алардын жардамында өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн”, — деп айтылат маалыматта.